Путин Ким Чен Ынды медаль менен сыйлады (фото)

Аалам, Окуялар тизмеги 06 Май 2020 08:29
0 ой-пикир

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушундагы Жеңишке 75 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Орусиянын Пхеньяндагы элчилиги билдирди.

«Орусия Федерациясынын президентинин указына ылайык, Корея Элдик Демократиялык Республикасынын аймагында каза болгон жана көмүлгөн советтик жарандардын ысымын түбөлүккө калтыруудагы жана өлкөнүн аймагындагы советтик жоокерлердин мемориалдарынын жана бейиттеринин сакталышына жеке чоң салым кошкону үчүн Корея Элдик Демократиялык Республикасынын төрагасы Ким Чен Ын “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушундагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды», – деп айтылат маалыматта.

Медалды Орусиянын элчиси Түндүк Кореянын тышкы иштер министрине тапшырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.