Коронавирус жана сомдун төмөндөшү Кыргызстандагы кыймылсыз мүлккө кандай таасир берет?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар, Экономика 05 Май 2020 08:33
0 ой-пикир

Карантин учурунда Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алууга болгон суроо-талап төмөндөй түштү. Кыймылсыз мулк боюнча келишимдер түзүлбөй, нотариустардын, Мамкаттоонун иши токтоп, риэлторлор иштебей турат.

Мындан сырткары, өзгөчө абал жана ага байланыштуу чектөөлөрдүн киргизилиши экономикалык кесепеттерге дагы алып келди. Биринчиден, жүздөгөн ишканалардын иши токтоп, көпчулүк жумушун жоготуп, кирешесиз калып, кичи мекендерине кетүүгө аргасыз болушту. Экинчиден, доллардын кунун тез жогорулап кеткенинен улам азык-түлүктүн, дары-дармектин баасы жогорулады. Бул калктын кыймылсыз мүлккө болгон суроо талабын төмөндөтүп, төлөө мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Elgezit.kg редакциясы батирлерге, үйлөргө, коомерциялык мүлктөргө, курорттук кыймылсыз мүлктөргө болгон баа кандай өзгөрөрү тууралуу кыймылсыз мүлк тармагындагы адистер менен маектешти.

Бүгүнкү биздин маектеш-эксперттер:

-Динара Турдубаева, Dom.kg кыймылсыз мүлк агенттигинин сатуу бөлүмүнүн адиси;

-Роман Степанов, “Ключи” кыймылсыз мүлк агенттигинин директору, 15 жылдык тажрыйбасы бар риэлтор.

Баа кандай болот, кыймылсыз мүлк рыногу “жанданабы”?

Эксперттердин пикиринде, карантин, пандемия жана доллардын өсүшүнөн улам Кыргызстанда турак-жайдын баасы дароо түшүп кетпейт, бирок баалардын төмөндөөсү күтүлөт.

Динара Турдубаева: Тилекке каршы, Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн рыноктук баасы тууралуу түшүнүк башкача, кыргызстандыктар рыноктун баасын карашпайт десем болот. Сатуучулар кымбат саткысы келет, сатып алуучулар болсо өтө арзан алгысы келет дегендей. Доллар жогорулаганда кыймылсыз мүлккө болгон баа дайыма төмөндөй турганын унутпоо керек. Эл доллардын өсүшү жана карантинден кийинки экономикалык кризис кыймылсыз мүлк рыногуна таасир берерин билиши үчүн убакыт керек. Ошондуктан кыймылсыз мүлккө болгон баа болжол менен жай айларында төмөндөп баштайт. 

Мүлктүн абалына жараша баалар 10-30 пайызга чейин төмөндөйт. Баалар райондон, бөлмөлөрдүн санынан, жаңы салынганбы же эскиби ж.б. нерселерден көз каранды. 2020-жылдын күзүндө коронавирус илдетин токтотууга мүмкүн болуп, доллар жогорулабаса, жаңы сезон ачылганда баалар турукташа баштайт.

Кыймылсыз мүлк боюнча келишим түзүү активдеше баштайт.

Биринчиден, азыр мага карантинден кийин кыймылсыз мүлктөрүн сатып, чет жакка кетебиз деп телефон чалгандар көп болууда. Аймактан борборго же ири дүкөндөрү, дарыканалары бар, ыңгайлуу шаарчалран көчүүгө даяр болгондор дагы чалышууда.

Экинчиден, акча кунсуз болуп жаткандыктан капиталы бар эл акчасын кыймылсыз мүлккө салууга аракет кылат. Азыр банктардын абалы түшүнүксүз болуп жатат, ошондуктан көпчүлүк акчасын банктык депозитке сактабай, ижарага берүүгө мүмкүн болгон батирлерге салат.

Роман Степанов: кыймылсыз мүлккө болгон баа 10-20% төмөндөйт. Бул доллардын жогорулашы, күтүлүп жаткан экономикалык кризис, калктын кирешесинин төмөндөшү менен байланыштуу болот. Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногу сомдун долларга карата түшүшүнө дайым реакция берет. Акчалары күчүн жоготуп салбашы үчүн эл кыймылсыз мүлк сатып алууга аракет кылып баштайт. Эл башка инвестициялык инструменттерге салыштырмалуу мүлк сатып алуу пайдалуу деп санашат, себеби ар бир жаран турак-жай маселесине туш болбой койбойт деген пикирде.

Доллар менен сактаган каражаттары барлар шашылып калышат. Эгерде февралдын этегинде 30-40 миң доллары бар сатып алуучу Бишкектен жакшы бир бөлмөлүү батир сатып ала тургудай мүмкүнчүлүккө ээ болсо, азыр 2 бөлмөлүү батир сатып алса болот. Мындай мүмкүнчүлүктү көпчүлүк колдонуп калганга аракет кылат.

Топтогон каражаты барлар бир аз чыдамкай болуп, күтүп турушу керек. Белгилүү бир убакыттан кийин кыйын кырдаалга туш болгон жеке адамдар жана компаниялар кыймылсыз мулктөрүн сатыкка чыгара башташат. Жакшы баага мыкты турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ошондуктан баалар бир аз түшүп, кризис болгону менен кыймылсыз мүлк рыногу жанданат.

Батирлерди жана кеңселерди ижаралоо

Ижара рыногу рецессияга биринчилерден болуп реакция берет. Азыр кыймылсыз мүлктү ижарага бергендердин көбү “бир айлдык каникул” беришип, өзгөчө абал учурунда акча алышпайт. Балким, ижарага алгандар киреше булагын аныктап, күчтөп алгыча каникулду дагы 1 айга чейин узартышаттыр.

Динара Турдубаева: Ижара акысы болжол менен 10% төмөндөшү мүмкүн, себеби ижарага алгандардын кирешеси азайып кетти да. Ал эми ижара бергендер белин бекем бууп, бааларды төмөндөтүшү керек. Чет элдиктерге батирлерди кымбат берүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок ижара рыногу жашай берет, себеби өлкөдө батир сатып алганга же үй курганга мүмкүнчүлүгү жоктор көп да. Ошондуктан суроо-талап дайыма болот.

Престиждүү «элиткалар»

Динара Турдубаева: Карантинге чейин элиткаларга болгон суроо-талап көп эмес болчу. Бул үйлөрду көбүнчө жаштар сатып алгысы келет. Аларды батирлердин аянты чоң болгону кызыктырат. Мурда бир бөлмөлүү батирлер 20-30 чарчы метр  болсо, азыр алардын аянты 60 чарчы метрге чейин жетет.

Элиткалардын сатылуусу азаят. Себеби аларды курууга көп каражат салынган жана баасын өтө арзандатууга мүмкүн эмес.

Роман Степанов: Азыр шаардын четинде сапаттуу бирок өтө кымбат эмес элиткалар салынып жатат. Алар эч кандай көйгөйлөрду сезишпейт жана баасы дагы төмөндөбөйт. Бирок, Бишкектин борборунда жайгашкан алтын чарчы аталган аймакта элиткалардын баасы асман чапчыйт. Аларга болгон баа 15-20% төмөндөшү мүмкүн.

Бул жерден дагы бир белгилеп кетчү жагдай, акыркы 3-5 жылда элиткаларга болгон суроо-талап азайды. Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кризис аянттары кичирээк батирлерди алууга аргасыз кылат.

Эски турак-жай

Динара Турдубаева: Эски турак-жайга болгон талап дайыма күчүндө. Көпчулүк аларга ишенет, себеби жылдар бою сыноодон өттү деген пикирде. Көпчүлүк 80-жылдардан кийин курулган 105-106-сериядагы батирлерди алгысы келет. Ошондуктан эски турак-жайларда келишимдерди түзүү активдүү болот. Аларга болгон баа өтө деле төмөндөбөйт, болжол менен 10% төмөн болушу ыктымал.

Роман Степанов: Эски турак-жайларга болгон баа 15-20% чейин түшүшү мүмкүн. Азыр көпчүлүк эски турак-жайын сатып, жер там алышы мүмкүн. Курулуш компаниялары эконом-класстагы элиткаларды куруп баштайт. Ошондуктан келишимдер көбөйүп, сатуучулар бааны арзандатып башташат.

Кеңселер жана коммерциялык мүлк

Роман Степанов: Пандемиянын айынан эң көп жабыр тарткан тарап коммерциялык мулктүн ээлери болот, өзгөчө кеңсе рыногу. Коммерциялык кыймылсыз мулктүн башка түрлөрү (ресторандар, кафелер, спортзалдар, мейманканалар, соода борборлору) бара-бара жашоо өз калыбына түшкөндөн кийин калыбына келсе, офистер калыбына келбей калышы мүмкүн. Үйдө отурганда көпчүлүк үйдө отуруп деле иш кылса болорун, кеңсенин кажети деле жоктугун түшүндү. Ошондуктан кеңселердин баасы 30%га чейин төмөндөшү мүмкүн.

Коммерциялык кыймылсыз мүлк дагы арзандайт, бирок өтүмдүү жердегилер эң көп дегенде 10% төмөндөшү ыктымал.

Курорттук кыймылсыз мүлк

Динара Турдубаева: Курорттук кыймылсыз мүлккө болгон баалар жана суроо-талап өзгөрүүсү калышы мүмкүн. Бир чети коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанга туристтер келбейт, өзгөчө чет жактан. Бирок ошону менен катар эле чек аралардын жабылуусунан улам кыргызстандыктар өлкөдөн башка жактарга эс алууга чыкпай, мекенинде эс алууга аргасыз болушат. Ушундан улам курорттук кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талап күчөшү мүмкүн. Ал эми баалар боло ошол эле бойдон калат.

Шаар четиндеги кыймылсыз мүлк

Роман Степанов: Пандемиянын таасири шаар четиндеги кыймылсыз мүлктөргө гана таасир этпейт. Бир жарым ай үйдө жатып, жер тамдардын, дачалардын, коттедждердин артыкчылыктарын сезип калдык. Адамдар кыйынчылык учурда экологиялык жактан таза, ыңгайлуу жана коопсуз экенин түшүнүштү. Covid-19 экинчи толкунунан кооптонгондор шаар четинен там сатып алышы толук мүмкүн.

Бирок шаардан алыс болгонун кемчилик катары бааласак болот. Күндө жумушка жеткенге убакыт сарпталат. Бирок буга карабастан шаар четиндеги үйлөрдүн баасы 10-15% жогорулашы мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.