Жээнбеков менен Токаев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөшүштү

Окуялар тизмеги 04 Май 2020 14:45
0 ой-пикир

Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев бүгүн телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөшүштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Жээнбеков жана Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашты», — деп айтылат маалыматта.

Эки жетекчи, мындан сырткары, кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерине токтолгон. Көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, жакынкы пландар белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Коңшу өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 4 миңге чамалады. Алардын 1084и айыккан. 27 адам кайтыш болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.