Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.
Бирок отурум жактоочулардын жоктугунан улам 6-май саат 10:00гө кайрадан жылдырылды. Буга карантиндик чектөөлөргө байланыштуу айрым адвокаттар сотко келе албай калганы себеп болду.
Соттолуучулардын бири, мурдагы президент, УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев буга чейинки бир нече отурумга барбагандыктан жараяндар улам башка күнгө калтырылып келген. Бүгүнкү отурумга ал УКМКнын эки медицина кызматкеринин коштоосунда келди.
Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 200дөн ашык адам жабыркаган.