Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды

Окуялар тизмеги 27 Апр 2020 13:36
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 29-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу дагы эле начар абалда. Кан басымы төмөн. Анын акыбалы тууралуу актыны бүгүн конвой кызматы алып келип, сотко тапшырды», — деп жазган Жолдубаева.

Ал өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине карабай соттук териштирүү уланып жатканын саясий буюртма катары баалады. Жолдубаеванын сөзү боюнча, сот жараянында өзгөчө абалдын талаптары бузулуп, чакан сот залына 50дөй киши чогулган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экендигин, ал сот жараянына баруудан баш тартып, аны жазып бергенин билдирди.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Учурда Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.