Коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого канча сарпталып жатат? Министрликтин жообу

Окуялар тизмеги 24 Апр 2020 18:04
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Брифингде өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Эсенгул уулу Чынгыз Өзбекстанда ар бир бейтапка 3 миң доллар керектелип жатканын айтып, Кыргызстанда канча сарпталарын сураган.

Үсөнбаев Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир бейтапка корогон социалдык-экономикалык чыгымды эсептей электигин билдирди.

«Биздин өлкөдө деле болжол менен Өзбекстандыкындай», — деп жооп берди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-апрелге коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.