Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1692ге жетти

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 13:12
0 ой-пикир

 Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1692ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жуктурган жаңы 35 учур катталды. Ошондой эле 96 адам ооруканадан чыгарылып, реаблитациялык борборго которулган. Күн мурун 73 жаштагы коронавирусту жуктурган жаран каза болгон.

Өзбекстанда карантин 10-майга чейин узартылган. Бирок коронавирус катталбаган жана эпидемиологиялык абал туруктуу болгон шаар, район жана облустарда чектөөлөр алына баштайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 357 жаран оорудан айыкса, каза болгондордун саны 6 адамды түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.