Коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө айып пул салынат деген маалымат туура эмес, – Бишкек комендатурасы

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 14:59
0 ой-пикир

Учурда социалдык тармактарда беткапсыз жүргөндөргө айып пулдун өлчөмү тууралуу Бишкек комендатурасынын посту кызуу талкууга түштү.

Анда, Бектур Искендер аттуу колдонуучу Твиттердеги баракчасына “коомдук жайларда дайыма бет капсыз жүргөн президентке чара көргүлө” деп комендатурадан суранган. Ошондой эле, ал президент канча айып пул төлөшү керек деп кызыккан.

Бишкек комендатурасынын атынан коомдук жайларда медициналык беткапсыз жүргөндөргө 1000-5000 сомго чейин айып пул санылат деген жооп жайгаштырылган.

Бирок, комендатуранын маалымат катчысы Улан Жумаковдун билдиришинче, бул маалымат чындыкка дал келбейт.

«Твиттердеги бул аккаунттун Бишкек комендатурасына эч кандай тиешеси жок. Коомдук жайларда бет кабы жок жүргөнү үчүн айып пул салынат деген маалымат туура эмес», – деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Комендатуранын маалымат катчысынын билдиришинче, комендатуранын атынан ким жазып жатканы иликтенип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.