Биометрикалык паспортторду даярдоого жаңы сынак жарыяланды. Бул жолу кандай болот?

Аналитика, Статьялар 21 Апр 2020 14:47
0 ой-пикир

Эмиль ЖУРАЕВ — атайын Elgezit.kg үчүн.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү ар кандай коррупциялык кызыкчылыкты көздөгөндөр үчүн пайдалуу иш экени жана жасалма өткөрүлгөн сынактарда тендерлердин жеңүүчүсү “өз” кишилердин компаниялары болору сыр деле эмес. 2019-жылы биометрикалык паспорттордун бланктарын жасоо үчүн өткөрүлгөн тендерде да бул көрүнүш кайрадан орун алган эле. Тендердин таза эмес өткөнү чоң чуунун себеби болуп, эми бир жыл убакыттан соң кайрадан тендер өткөрүлгөнү турат. Бул жолу Мамкаттоо жана тендердик комиссия сынакты таза өткөрө алабы?

Мурдагы тендер тууралуу кыскача маалымат

Мамкаттоо жарыялаган буга чейинки сынак 2018-жылдын күз айларында болуп, ага 5 компания катышкан. Комиссиянын чечими менен 2019-жылы литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы сынактын жеңүүчүсү деп табылган. Кыргызстан үчүн бир канча жылдан бери акциздик марка чыгарып берип жүргөн бул компания башка катышуучуларга караганда алда канча кымбат кызмат сунуштаган. Ал эми «Мюльбауэр» (Muhlbauer ID Services GmbH) деп аталган немис компаниясы кызматы үчүн төмөн баа сунуштаганын ачык булактардан көрүүгө болот. «Мюльбауэр» комиссиянын чечимине каршы болуп, арыз жазган. Кийинчерээк мекемелер аралык комиссияга «Идемия» (IDEMIA France) деп аталган француз компаниясы дагы арызданган.

2019-жылдагы бир жылга созулган иликтөөлөрдөн кийин Мамкаттоонун жетекчилери камакка алынып, кызматтарынан алынган. Ызы-чуу ошол маалдагы УКМКнын жетекчисине да таасир берип, ал отставкага кеткен, ошондой эле бул чууга тендердик комиссиянын мүчөлөрү дагы тиешелүү болгон. Көмүскө ишке аралашкан адамдар такталып, коррупция фактысы бар экени ачыкталганы менен азыркыга чейин талаш-тартыштар чечиле элек. Далилдер табылып, соттордун да чечимдери чыккан. Айрымдар издөөгө алынса, кээ бирлери акчалай айыппул төлөшкөн. Ызы-чуудан кийин тендер жокко чыгарылган.

Тендер боюнча тергөө жана сот аныктап чыккан коррупцияга байланышкан окуя унутулуп бара жаткан кезде , 2020-жылдын башында Кыргызстандын жарандарына визалык чектөө коюу менен АКШ бул чууну кайрадан эске салды. АКШнын чечими кызуу талкууга алынып жаткан маалда негизги себеп өлкө жарандарынын биометрикалык паспорттору жоктугунан улам болгону белгилүү болду. Ошентип 2020-жылы унутулуп бара жаткан иш кайра жанданып, Мамкаттоо ишти тездетүүгө киришти.

Жаңы тендердин мөөнөтү бүткөнү калды

Биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды даярдоо боюнча жаңы тендер 2020-жылдын февраль айында мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланып, арыз берүүчү акыркы күн катары 2020-жылдын 19-марты белгиленген. Протоколго ылайык сынакка үч катышуучу тандалып алынган. Бул үч компания тең мурдагы тендерге катышкан болчу.  «Мюльбауэр» деп аталган немис,  «Идемия» деп аталган француз жана  «Банкнотная фабрика Национального Банка РК» деп аталган казак компаниялары Мамкаттоо тарабынан 1 миллиард сомго бааланган буйрутманы аткарууга бел байлашкан.

Бул тендердин өзгөчөлүгү бир этаптагы эки пакеттик сатып алуу ыкмасын колдонуу. Бул “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” КР Мыйзамына ылайык, 2019-жылдан бери колдонулуп жаткан ыкма, анда сатып алуулар эки этап менен жүргүзүлөт (эки этаптуу соода менен алмаштырып албаңыз). Биринчи этап – сынакка берилген арыздар сынактын квалификациялык жана техникалык талаптарына жооп береби же жокпу текшерилет.  Экинчи этап – биринчи этаптан өткөн катышуучулардын арасынан жеңүүчү аныкталат, тендердик комиссия арыз бергендер сунуштаган бааларына карап жеңүүчүнү тандайт. Мыйзам аркылуу ар бир кадамдын мөөнөтү так жана даана белгиленген. Бул ыкма тендерди өткөрүүдөгү коррупциялык иштерди азайтары белгиленген.

Ошентип, Мыйзамда жазылган мөөнөттөрдүн негизинде жана 2020-жылдын 19-мартында Мамкаттоо жарыялаган маалыматтын негизинде система тарабынан автоматтык түрдө арыздарды ачуу протоколу түзүлгөн. Анда «Идемия», БФНБ РК, «Мюльбауэр» компаниялары катышары жазылган. Арыз берүүчүлөр квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп береби же жокпу аныкташ үчүн тендердик комиссияга 10 күн берилген. Бирок чечим чыгаруу бир аз кармалган, себеби HIDGLOBALCIDSAS компаниясынан мекемелер аралык комиссияга арыз келип түшүп, аталган компания сынакка өз мөөнөтүндө даярдана албай калышканын билдиришкен. Аларды арызы 2020-жылдын 21-мартында четке кагылган, бирок буга карабастан тендердин процедуралары 10 күнгө токтотулган. Ошондуктан биринчи этаптын жыйынтыктары 2020-жылдын 14-апрелинде саат 16:32де жарыяланган.

Сынакка катышкан компаниялар тууралуу эмнелер белгилүү?

 «Идемия»(IDEMIAFrance) француз компаниясы корголгон өнүмдөрдү чыгаруучу компания катары дүйнө жүзүнө таанымал, күчтүү лидерлердин бири. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, балким арызды толтуруп жатканда адамдардан ката кеткендир, кыскасы компания экинчи этапка өткөн эмес. Мамкаттоо кызматы маалымдагандай, бул чечим боюнча кайрадан кайрылуу үчүн “Идемияда” 2 күн бар болчу, башкача айтканда, 2020-жылдын 16-апрелинде саат 16:32ге чейин компания кайрылуу жазса болмок, бирок дагы бир катачылык кетип, компания 2020-жылдын 17-апрелинде саат 19:53тө арыз жазган, бир күндөн бир аз көбүрөөк убакка кечиккен. Дүйнөгө белгилүү компания бир эмес эки жолу мындай катаны кантип кетиргени түшүнүксүз.

Казастандын «Банкнотная фабрика Национального Банка РК» (БФНБ) компаниясы корголгон өнүмдөрдү чыгарары менен белгилүү. Казакстандын улуттук банкнотасын чыгарат жана ал сапаты боюнча дүйнөдө таанымал. Бул компания дагы мурдагы тендерге катышып, өз кызматы үчүн жогору баа сунуштап, андан сырткары техникалык талаптарга жооп бербей калган. Белгилей кетсек, БФНБ Мамкаттоо 2019-жылы жарыялаган жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө бланктарды даярдоо боюнча өткөрүлгөн сынакта жеңүүчү болгон. Компания 2019-жылдын 1-октябрында 50 миң даана күбөлүктөрдүн бланктарын алып келмек болчу, бирок алар 2019-жылдын декабрында гана алып келишкен. Коомчулукта нааразычылык жаралып, Мамкаттоо күнөөнү өзүнө алып, ал эми компания кечиктирилген иши үчүн эч кандай жазага тартылган эмес.

 «Мюльбауэр» (MuhlbauerIDServicesGmbH) немис компаниясы корголгон өнүмдөрдү чыгаруудагы лидерлердин бири, ошондой эле корголгон өнүмдөрдү жана бланктарды чыгаруу үчүн полиграфиялык жабдууларды чыгаруучу компаниялардын арасынан эң мыктылардын катарында. Ал агы буга чейинки тендерге катышкан жана кызматы үчүн баардык катышуучулардын эң аз акы сураган, бирок техникалык талаптарга жооп бербейт деген негиз менен сынактан жеңбей калган.

 Суроолор жана үмүттөр

Ошентип, экинчи этапка эки компания — «Мюльбауэр» жана «Банкнотная фабрика» өтүп, чечимди күтүп жаткан маалы. Сынактын биринчи этабындагы жеңүүчүлөдү аныктоо тендердик комиссия тарабынан кечиктирилгенин коронавирустун айынан карантин болуп калганына жана “Идемия” берген арызды карап чыгууга шылтай турган болсо деле, биринчи этапта компаниялар сунуштаган баалар эмнеге жарыяланбаганы түшүнүксүз бойдон калууда. Себеби бул маалымат компаниялар тарабынан арыз берилгенде кошо берилет эмеспи. Анын үстүнө, “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” Мыйзамга ылайык, бул маанилүү маалымат экинчи этапка өткөн компанияларды жарыялаганда дароо жарыяланышы керек эле. Чечүүчү мааниге ээ болгон маалымат өз убагында жарыяланбаганына байланыштуу ар түрдүү күдүк ойлор жаралууда. Белгилей кетсек, экинчи этапты кароо мөөнөтү биринчи этап жарыялангандан кийин бир иш күнүн түзөт.

Пандемиядан улам түзүлгөн оор кырдаалда жана кризистин жакындап келе жатканын эске алсак, Кыргызстанга эл аралык институттардын жана өнөктөштөрдүн ишеними өтө маанилүү. Бул тендерге байланыштуу коррупциялык иштер чыгып, өлкөбүз дагы бир жолу уят болбошу керек. Кандайдыр бир деңгээлде тендер ачык болгону менен тиешелүү деңгээлде болду деп айтуу кыйын. Бул процессти мындан дагы ачык жана тез уюштурса болмок, балким мындай иш-чараларга тыштан келген эксперттерди тартуу дагы максаттуу болмок.

Мурдагы каталар сабак болдубу? Комиссия баардык критерийлерди эске алып, сапатына, баасына көңүл буруп, туура чечим чыгара алабы? Кандай болгон күндө дагы коомчулук жакынкы убакта биометрикалык паспортторго бланктарды ким жасарынан кабардар болот. Бул жолку чечим кыргызстандыктар үчүн ызы-чуунун очогу болбой, дүйнө менен байланышууга билет болуп берет деп ишенели.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.