Казакстанда жана Өзбекстанда врачтарга кандай колдоо көрсөтүлүп жатат

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 20 Апр 2020 18:04
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. 20-апрелге карата 140 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган.

Башка өлкөлөрдө, анын ичинде коңшуларда дагы врачтар, медайымдар коронавирусту жуктуруп алган учурар бар.

Эске сала кетсек, коңшулардан Казакстан жана Өзбекстан вирус бар экенин расмий жарыялаган. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандын бийлиги аларда COVID-19 жок экенин айтып келишет.

Казакстан

Казахстан коронавирус катталганын расмий түрдө 2020-жылдын 13-мартында жарыялаган. Дал ушул күнү Германиядан жана Италиядан 9-12-март күндөрү келген 4 адамдан COVID-19 табылганы расмий түрдө айтылган. Ошондуктан казактар коронавирусту элита оорусу деп атады. Учурда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 1711 адам коронавирус жуктуруп алган. 401 бейтап айыгып, 19 адам аза болгон.  

Илдетти жугузуп алгандардын 400дөн ашууну медицина кызматкерлери. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен эпидемияга каршы иш-чараларга катышкан медицина кызматкерлерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүнгөн. Медициналык кызматкерлер канчалык кооптуу абалда иштеп жатканына жараша айлык акысына 212 миңден 850 миң теңгеге (500 доллардан 2 миң долларга чейин) чейин акча кошулат. Вирус жуктуруп алган медиктерге 2 миллион теңге (4,7 миң доллар), эгерде кайтыш болсо – 10 миллион теңге23,5 иң доллар) төлөнөт.

COVID-19 вирусу казак бийлигин тез арада оорукана курууга аргасыз кылды, бирок Кытайдагыдай убактылуу эмес, кадимки стационар оорукана. Коңшулар коронавирус менен ооругандар үчүн атайын 2 оорукананын курулушун башташты. Нур-Султанда — 200, Алма-Атада -280 орундуу. Шымкентте дагы бир оорукана куруу пландалууда, бирок азыр ал жактын долбоору макулдашуу этабында.

Өзбекстан

Өзбекстанга дагы коронавирус Европадан учуп келген. COVID-19 вирусун жуктуруп алган биринчи бейтап Франциядан 15-мартта учуп келген ташкенттик айым болуп чыкты. Ал эми 16-мартта Өкмөт бардык бала бакчалар, мектептер, университеттер жабылганын билдирди. Башка өлкөлөр менен болгон чек аралар жабылды. 27-марттан тарта өлкө аймактарынын ортосундагы каттамдар токтотулду.

19-апрелге карата Өзбекстанда  вирус жуктуруп алгандардын саны 1565 адам, 5 бейтап көз жумган. Өлкөнүн калкынын саны 34 миллион экенин эске алсак, бул көрсөткүч көп эмес.

Коронавирус Өзбекстанга келери менен карантиндик пункттар, инфекциялык ооруканалар курулуп баштады. Эпидемия чыккан 5 күн ичинде 10 миң орундук карантиндик комплекс куруп коюшту. 28 күндө 310 орундуу оорукана курулду. Дагы 5 оорукана курулуп бүтөйүн деп калдык, алардын үчөө аймактарда.

27-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: «карантин маалында оорулуулар жаткырылган мекемелерде иштегендерге, коронавирус менен ооругандар менен байланыш болгон врачтарга, эпидемиологдорго ай сайын 25 миллион сум, медайымдарга жана лаборанттарга — 15 миллион сум, санитарларга — 10 миллион сум, башка кызматкерлерге —  5 миллион сум төлөнөт»-деген.

Долларга которгондо 2,5 миң, 1,5 миң, 1 миң жана 500 доллар. Инфекция жуктуруп алгандар менен иштеп жатып ооруну жуктуруп алган медиктерге 100 миллион сум (10 миң доллар) төлөнөт. Эгерде оору ден-соолукка олуттуу зыян келтирип же медиктер каза болуп кала турган болсо, 26 миң 040 доллар төлөнөт.

Учурда Өзбекстанда ооруну жуктуруп алган медиктердин саны — 11.

Elgezit.kg редакциясы ММКлардагы материалдардын жардамы менен даярдады

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.