Дааватты чектөө боюнча сунуштама берилди, — Нарындын коменданты

Окуялар тизмеги 20 Апр 2020 16:25
0 ой-пикир

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев мыйзам түрүндө дааватты чектөө боюнча сунуштама берди.

«Дааватчылардын ичинен коронавирусту жуктургандардын саны беш адамды түзөт. Пакистандан келген бир, Индиядан келген эки жана ички дааваттан эки жаран болууда», — дейт ал.

Аалиев маалымдагандай, дааватка төрт айга кетип, үй-бүлөсүн карабай койгон фактылар катталып жатат.

«Нарындан башка облустарга 340 жаран дааватка чыкса, Нарынга 480 жаран келген. Ошондой эле кичи ажылыкка 37 жаран, башка өлкөлөргө дааватка 31 жаран барып келген. Үй-бүлөсүн карабай койгондор да бар. Мындан улам бул боюнча мыйзамга толуктоо жана чектөө боюнча сунуштама берип жатабыз», — деп белгиледи комендант.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.