Индонезия, Тайланд жана Вьетнамдан 32 кыргызстандык алып келинди

Окуялар тизмеги 19 Апр 2020 17:38
0 ой-пикир

2020-жылдын 14-апрелинен 18-апрелине чейин Тышкы иштер министрлиги Казакстан, Малайзия, Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү кыргыз элчиликтери жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдук менен биргеликте Индонезия (Бали), Тайланд (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой) 32 кыргызстандыкты өлкөгө алып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Мекендештерди өлкөгө алып келүүгө Казакстан өкмөтү да көмөк көрсөткөн. Анда чартердик каттам «Бангкок — Денпасар — Ханой — Усть-Каменогорск» маршруту боюнча уюштурулган”, — деп белгилешти ТИМден.

Казак тараптын койгон шарттарына ылайык, алгач КР жарандары Усть-Каменогорск шаарына келип, жергиликтүү санаторийге эки күнгө текшерүүгө киргизилген. Андан соң атайын уюштурулган транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда мекенге алып келинген.

“Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн келген мекендештер белгиленген тартипте медициналык мекемелердин бирине обсервацияга жаткырылды. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу иштери уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.