Эмомали Рахмондун уулу парламенттин спикери болду

Окуялар тизмеги 18 Апр 2020 09:17
0 ой-пикир

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен президенттик тактыга эң узак отурган президенттердин бири Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали өлкөдөгү экинчи маанилүү кызматты ээлеп калды. Ал тажик парламентинин жогорку палатасынын — Сенаттын спикери болуп шайланды.

Рустам Эмомали 33 жашта. Бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган.

2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы «Алтын таажы» төш белгиси менен сыйланган. Эки баланын атасы. 

Тажик бийлиги 2016-жылы өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, президенттикке талапкердин жаш курагы кичирейген. Мурдагы Баш мыйзам боюнча өлкө башчылыгына ат салышкан адамдын жашы 35тен жогору болууга тийиш болсо, акыркы өзгөртүүлөргө ылайык ченем беш жылга азайтылган. Ушундан улам Эмомали Рахмондун тун уулу, 33 жаштагы Рустам Эмомали президенттик шайлоого катышышы мүмкүн деген сөздөр чыккан.

1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан Эмомали Рахмондун президенттик мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.