Япония өзгөчө абал киргизди. Карантинде ар бир жаранына миң доллар төлөйт

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 08:35
0 ой-пикир

Япония коронавируска байланыштуу жагдайдан улам бүтүндөй өлкөгө өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Премьер-министр Синдзо Абэ 16-апрелдеги телекайрылуусунда мындай режим бери дегенде 7-майга чейин сакталарын айтты. Ал муну оору тарап жатканы менен негиздеди.

Өкмөт башчы оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу керектигин белгиледи. Өлкөнүн ар бир жаранына карантин маалында ай сайын миң доллардай төлөнүп турары маалымдалды.

Япония бийлиги Токио баштаган жети аймакка 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизген. Өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө бир триллион долларга жакын каражат бөлүнөрүн билдирген.

Соңку маалымат боюнча, Ярлния коронавирус 8,5 миңден ашык адамдан аныкталды, илдеттен 178 киши көз жумду.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча оору жуктуруп алгандардын саны 2 миллион адамдан ашты. Коронавирустан 134 миңге чукул киши көз жумду. Соңку бир күн ичинде АКШда, Британияда жана Францияда оору жуктуруп алгандардын саны өстү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.