Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 13:07
0 ой-пикир

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди.

Каттоо быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүлмөк. Бирок COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу аны 20-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Кыргызстанда 17-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 23 жаңы учур катталды. Жалпы ооругандардын саны 489 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.