COVID-19: Атайын эсепке канча акча түштү жана кайда сарпталып жатат?

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 13:21
0 ой-пикир

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепка канча акча чогулуп, ал каражат кайда жумшалганы тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрель кечки саат 18.00гө карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 128 миллион 770,6 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөө үчүн 7 миллион 735,5 миң сом бөлүнгөн. Калганы эсепте сакталуу бойдон турат.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 14 миллион 715,7 миң сом которулган. Бүгүнкү күндө анын 13 миллион 380 миң сому сарпталды. Бул каражат муктаж адамдарга азык-түлүк алуу үчүн Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Нарын шаарларынын мэрияларына, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө жана Ноокат райондук акимчилигине берилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 3 миллион 212,5 миң сом чогулган. Учурда анын 2,520,8 миң сому коротулду. Сайтта акча «Аламүдүн» базары менен «Народный» дүкөнүнө которулганы көрсөтүлгөн. Мэрия калкка жардам берүү үчүн азык-түлүктү ушул жактан алышы мүмкүн, бирок бул туурасында толук маалымат берилген эмес.

Атайын эсепке чогулган каражаттарды help.covid.kg сайтынан таанышса болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.