Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 18:22
0 ой-пикир

Баткендеги «Айгүл-Таш» мамлекеттик ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат»,- деп билдиришти агенттиктен.

Белгилей кетсек, «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.