Атамбаевдин ден соолугу жөнүндө УКМК үн катты

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 17:21
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык абалда. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал күнү-түнү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда.

Атайын кызмат «Азыркы тапта андан эч кандай даттануу жок» деп билдирди.

Соңку күндөрү Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө тарап, талкууланып жаткан.

23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Атамбаев өзүн начар сезгендиктен улантылбай, башка күнгө которулган, ошондон бери карантинге байланыштуу сот боло элек. Жактоочулар УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткенин жана муну тергөө абагынын дарыгери да тастыктаганын айтышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.