Ош: өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу жыйын өттү (фото)

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 12:07
0 ой-пикир

Ошто өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу министрлердин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун жетекчилиги астында укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узаргандыгына байланыштуу COVID-19 илдетин жоюу жана жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды.

Тийиштүү органдарга өз милдеттери туурасында тапшырмалар коюлду. Өзгөчө абал узаргандыгына байланыштуу калкты азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, калкты тейлөөчү мекеме-уюмдардын имараттарын, банктардагы акча алуучу жабдыктар орнотулган жайларды, оору чыккан аймактардагы турак-жайларга санитардык-карантиндик талаптардын негизинде тынымсыз дезинфекциялоо иштерин жандандыруу талаптары коюлду.

Президентин жарлыгынын негизинде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылып, коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн тартып эрте мененки саат 06:00гө чейин белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.