Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 542 миң адамга жетти

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 14:56
0 ой-пикир

Кыргызстан калкынын жалпы саны 2020-жылдын 1-мартындагы 6 млн. 542 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери 18,5 миңден ашуун бала жарык дүйнөгө келген.

Жалпы 6,5 млн. элдин 1,367 миллиондон ашыгы Ош облусуна, 1,241 миллиондон ашыгы Жалал-Абад облусуна, 1,057 млн. ашыгы Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Чүй облусунда 963 миң, Баткен облусунда 538 миң, Ысык-Көл облусунда 497 миң, Ош шаарында 326 миң, Нарын облусунда 289 миң жана Талас облусунда 267 миңден ашык адам жашайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.