Жээнбеков: «Бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз»

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 11:45
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Жээнбековдун катышуусу менен өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди.

Андан соң президент өлкөдөгү абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

«Чыңгыз Айтматов айткандай, «бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз». Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган», — деди өз сөзүндө өлкө башчысы.

Президент кошумчалагандай, мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдер колдонулат.

«Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет.Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде „коопсуздук жаздыгы“ болгон эмес», — деди президент.

Ошондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Алгачкы жардамдарды алдык. Урматтуу депутаттар, сиздер жакшы билесиздер, мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүп, социалдык чыгымдарга зарыл запас түзүп баштаганбыз. Акыркы эки жылда бюджеттин дефицитин азайтып, сырткы карыздын көлөмүн көбөйтпөй, көзөмөлдө кармап келдик. Ишкерлерге салык жагынан жакшы шарт түзүп, экономикалык активдүүлүк башталган. 2018-жылы Ички дүң продукт 3,5 пайызга, ал эми 2019-жылы дээрлик 5 пайызга өскөн. Бизнести каржылоонун көлөмү кескин көбөйгөн. Тилекке каршы, жалпы дүйнөнү капыстан каптаган илдет биздин экономикабызга да чоң залалын тийгизди», — деп айтты Жээнбеков.

Президенттин маалыматына караганда, реформалар солгундап, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы айрым иштер үзгүлтүккө учурады. Мисалга, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо мөөнөтү жылдырылды.

«Өлкөбүздүн соңку тарыхындагы өзгөчө окуя болгон Апрель революциясынын 10 жылдыгын алдын ала түзүлгөн пландагыдай белгилей албадык. Быйыл Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилей турган жыл. Өлкөбүздүн тарыхындагы бул ыйык датага байланыштуу иш-чаралар да өзгөрүүлөргө учурайт. Дүйнөнү өзгөртүп жаткан бул кырдаал, өлкөдөгү кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин ашкереледи. Коомдун саламаттыгын коргоодогу жана бул тармакты башкаруудагы көйгөйлөргө кептелдик. Саламаттыкты сактоо тармагы туташ реформага муктаждыгын турмуш дагы бир ирет далилдеди. Мындан тышкары илим, билим тармагы да замандын жаңы чакырыктарын эске алып, жаңыртууну талап кылат», — деп кошумчалады президент Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.