Жалал-Абад шаарынын коменданты: Өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү узартылды

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 14:02
0 ой-пикир

Мурда алынган өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жоробеков 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылганын айтып, коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөнүн – 21:00-06:00 сааттар арасы – билдирди.

Мындан улам ал мурда алынган уруксат өткөрмө кагаздары боюнча суроолор жаралып жатканын айтып, алардын мөөнөтү узартылганын белгиледи.

«Уруксат кагаздарынын мөөнөтү 30-апрелге чейин автоматтык түрдө узартылды», — деди комендант.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.