Өзгөчө абал: ЖК депутаттары, дипломаттык макамы бар жарандар 24 саат бою эркин жүрө алышат

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 12:27
0 ой-пикир

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айрым посттордо депутаттардан күбөлүк сурап, өткөрмө кагаз талап кылган учурлар бар экенин айтып, нааразылыгын билдирди.

Бишкек шаарынын комендатурасынын башчысы Алмаз Орозалиев эл өкүлүнүн суроосуна «өзгөчө абал учурунда ЖК депутаттары, дипломаттык макамы бар жарандар 24 саат бою эркин жүрө алышат» деп жооп берди.

Коменданттын айтымында, бул укуктук ченем Баш мыйзамдагы “Өзгөчө абал тууралуу” беренесинде көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-07:00 аралыгында көчөдө адам да, унаа да жүрбөшү керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.