Дарыгерлери коронавирус жугузуп алган оорукананын жетекчиси өз эрки менен кызматтан кетти

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 15:45
0 ой-пикир

Казакстандын Алматы шаарындагы борбордук клиникалык оорукананын башчысы Алмаз Жувашев өз эрки менен кызматтан кетти, деп жазды «Азаттык».

Маалыматка караганда, жетекчинини кызматтан кетишине себеби бул оорукананын 182 кызматкери өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузуп алганы болгон.

Сөз болуп жаткан оорукана ушул аптанын башында карантинге жабылган жана ушул тушта үйдө отурган оорукананын айрым кызматкерлери Алмаз Жувашевди кызматта калтырууну талап кылып видео кайрылуу таратышкан.

Казакстанда коронавирус 1275 адамдан табылды. Оорудан 15 киши көз жумду жана 200дөн ашыгы айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.