УКМК күчкө салып кечирим суратуу тууралуу айыптоого жооп берди

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 10:20
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) медицина кызматкерлерин жана жарандарды “күчкө салып кечирим суратып жатат” деген айыптоолорго жооп берди.

Атайын кызмат «айрымдар дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус боюнча такталбаган маалымат таратып жана COVID-19га каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүп, өзүнө жеңил пиар кылуу аракетин көрүүдө” деп эсептейт.

Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалымат жарыялап тараткандар, арасында медицина кызматкерлери да аныкталган. Бул фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

Жалган маалымат таратканы үчүн кармалгандар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бардыгы коё берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.