Парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүүдө

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 11:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүүдө.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү чакырылган.

Жыйында өзгөчө абал киргизилген аймактарда калкты азык-түлүк менен камсыздоо, жазгы-талаа жумуштарын үзгүлтүксүз улантуу маселелери боюнча Өкмөттүн маалыматы угулууда.

«141,1 миң гектар жерге күздүк эгилсе, 332,9 гектар жерди көп жылдык чөптөр түзөт. Ал эми 745 миң гектар жерге жазгы айдап-себүү жумуштары жүргүзүлөт. Быйыл 2019-жылга салыштырмалуу 50 миң гектар жер көп айдалды. Ошондой эле кылкандуу дан эгиндеринен 64 миң тонна үрөн керектелсе, анын 61 миң тоннасы камсыздалды”, – деди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, “Айыл-чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында 10-апрелге карата 1371 субъектке 782 млн. сом берилгенин айткан биринчи вице-премьер-министр, айыл-чарба техникаларын жана тетиктерин сатуучу базарларды иштетүүгө шарттарды түзүү чаралары да каралып жатканын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.