Эмнеге Таласта коронавирус жуктургандар жок? Эл эмне дейт

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 09:56
0 ой-пикир

Учурда коронавирус инфекциясы Кыргызстандын бардык аймактарын каптады. Бир гана Талас облусунда бул илдет жуккан адамдар аныктала элек. Turmush басылмасы таластыктардын өздөрүнөн мунун себептерин сураштырып чыккан.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар жети себепти санап берген:

— Элибиз байыртадан Манас атабыз колдойт деп, «Манас Ордого» түлөө өткөрүп келишкен. Бүгүнкү күндө да элибизди Манас атабыз колдоп жатат;

— Экинчи себеп – ысык шорпону сүйгөн элбиз. Бешбармак, чучук, казы-карта жеп, иммунитетибиз күчтүү;

— Дезинфекция иштери илдет башталды деген биринчи күндөн тартып эле тынымсыз жүрүүдө. Карантиндик посттордо көзөмөл катуу жүрүп, кирген жана чыккан ар бир адам текшерүүдөн өтүп жатат;

— Умрага баргандардын арасында Таластан баргандар аз болгон;

— Убагында посттор жабылып, элдин коопсуздугун камсыздашты;

— Тоонун койнундабыз, токой жаныбызда;

— Талас башка облустарга караганда деңиз деңгээлинен бийигирээк жайгашкан. Бул дагы кандайдыр бир таасир бериши мүмкүн.

Кыргызстандын аймактарында абал кандай?

Акыркы суткада Кыргызстанда 42 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 419 адамга жетти. Жалпы 5 адам каза болуп, 67 адам айыгып чыкты.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 10;

— Ош облусунда 9;

— Ош шаарында 5;

— Нарын облусунда 9;

— Баткен облусунда 1;

— Чүй облусунда 6;

— Жалал-Абад облусунда 2.

Аймактардагы бейтаптардын жалпы саны (419):

— Жалал-Абад облусунда – 91;

— Ош облусунда – 128;

— Ош шаарында – 59;

— Чүй облусунда – 27;

— Бишкек шаарында – 69;

— Баткен облусунда – 5;

— Нарын облусунда – 34;

— Ысык-Көл облусунда – 6.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.