ТИМ: Кыргыз жараны Новосибирск аэропортунда учак күтүп жатып, каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 18:17
0 ой-пикир

Новосибирск шаарындагы аэропортто аба каттамынын токтотулушуна байланыштуу Кыргызстандын жараны каза болду деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 43 жаштагы кыргызстандык С. А. аттуу жаран Новосибирск шаарында убактылуу жашап, ооруканада жаткан. Анын өлүмүнө оор онкологиялык оорусу себеп болгон.

«6-апрель күнү Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын көмөгү менен анын сөөгү Новосибирск шаарынын мусулмандар көрүстөнүнө коюлган», — деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдук Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтарды жарыялоодон оолак болууга жана расмий булактарга гана таянууга үндөгөн.

Эске сала кетсек, айрым маалымат каражаттарында жана соцтармактарда «кыргыз жараны Новосибирск аэропортунда учак күтүп жатып, каза тапты» деп жазылган маалыматтар таркаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.