Тарых сабактары. Бир пара алуунун кесепеттери тууралуу

Окуялар тизмеги, Статьялар, Тарых 13 Апр 2020 09:21
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Учурда өлкө коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө. Кыргызстанга эл аралык жардамдар келе баштады. Алардын көлөмү кыргыз олигархтарынын “патриоттук жардамынан” жүз эсе көп болууда. Жардам береби же бербейби ар кимдин өз иши деңизчи. Ар ким колунан келишинче жардам көрсөтүүдө. Президент бир айлык маянасын берди. Бирок бул дагы айрымдарга жакпай калды. Ал ортодо социалдык тармактардын колдонуучулары бандиттерден жана коррупционерлерден жардам алуу керекпи же жокпу деген теманы талкуулап калышты. Буга байланыштуу XX кылымда Германияда болгон орчундуу окуя эске түштү.

Биринчи дүйнөлүк согушта Германиянын Антанта өлкөлөрүнөн утулушу жана монархиянын кыйрашы менен аяктаган. Өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу формасы менен Веймар республикасынын режими орногон.

Германияда эл тандаган биринчи жана акыркы президент генерал-фельдмаршал Пауль фон Гинденбург болгон. Ал Биринчи дүйнөлүк согуштун баатыры катары саналып, саясатчы катары белгилүү болчу. Эки жолу президент болуп шайлаган. Экинчи жолкусунда атаандашынан бир аз гана көбүрөөк добуш алган. 1933-жылы ал буйрукка кол коюп, Адольф Гитлерди канцлер кылып дайындагандан соң дүйнө Экинчи дүйнөлүк согушка кириптер болгон.

Гитлерди көп жактыра бербеген аристократ, аскердик ишмер мындай ишке кантип барган? Анын себеби жөнөкөй гана болчу. Акча... Ийгиликтүү аскер Гинденбург принципке турбаган саясатчы болуп чыкты, аны немистер бир дагы убадасын аткарган жок деп күнөөлөй башташкан.

1926-жылы Гинденбург Линда аттуу эжесинин финансылык көз боемочулуктарынан кийин Нойдек деп аталган ата-бабаларынан калган мүлкүнөн ажырайт. Бирок башкаруучулардын айланасында көптөгөн кишилер ага жагуу үчүн жасакерленип жүрүшөт эмеспи, мындай адамдардын бири пруссиялык аристократ жана консервативдүү саясатчы Элард фон Ольденбург болгон. Анын демилгеси менен Веймар республикасынын Өкмөтү немис өндүрүшчүлөрүнөн акча чогултуп, Нойдекти сатып алып, президенттин 80 жылдыгына белек катары беришкен. Чогулган каражат жетпей калгандыктан, анын бир бөлүгүн өлкө бюджетинен алышкан деген кептер бар. Мүлкүн кайтарып алган Гинденбург аны өзүнүн жеке адъютанты болуп иштеген уулу Оскар фон Гинденбургга жаздырган. Бул тууралуу улутчулдар билип калышып, чоң ызы-чуу чыгармакчы болушат. Гинденбургдун аброюна доо кетмекчи болот. Канцлер Франц фон Папен жана Оскар Гинденбург Гитлердин сүйлөшүүсү учурунда Гитлер эгерде улутчулдар фракциясы канцлер кызматын албаса, анда бул иш боюнча тергөө баштоону талап кыларын билдирет. Гинденбургдар анын талабына макул болушуп, Гитлер канцлер болот.

Мына ошентип, жеке байлыгын ойлогон жана саясий жактан принципке тура албаган  президент 80 миллионго жакын адамдын каны төгүлгөн согуштун чыгышына себепкер болот.

Бул окуя мага Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаев анын «достору» баалуу белектерди беришип, үйүнун курулуш иштерин жүргүзүп жатканын оозу-мурду кыйшайбай айтканын эске салды. Демек, ал пара алып жатканын моюндады. Анын Кой-Таштагы резиденциясы дагы пара болчу. Бул имаратта драма болуп, адам өмүрү кыйылды. Бул өлкөдөгү саясий элита үчүн сабак болушу керек.  Бул пара алуу бул саясаттагы кооптуу жол экенинин жана жакшылыкка алып келбестигинин мыкты үлгүсү болушу керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.