Эртең парламенттин чукул жыйыны өтөт

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 16:45
0 ой-пикир

Эртең, 14-апрель саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтөт. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, анда жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү беш маселе каралат.

Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча республикалык штаб өзгөчө абал режимин узартуу сунушун келтирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.