Дастан Бекешов дарыгерлерди коргоо боюнча чараларды сунуштады

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 12:54
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов дарыгерлерди коргоо тууралуу токтом долбоорун иштеп чыкты.

Токтом долбоору «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» деп аталат. Анын демилгечиси — парламентарий Дастан Бекешовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул токтом коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин колдоо үчүн зарыл.

«Дарыгерлер вирусту иш үстүндө эмес, өзүнчө жуктуруп алышты деген маалымат айтылды. Өкмөт аны иликтейбиз деди. Экинчиден Ысык-Атада врачтарга тиешелүү коргонуучу каражаттар жетишсиздигин жазган дарыгер Бектур Апышев кийин кайра жазганын жокко чыгарып, кечирим сурап жатат. Ошондуктан, мындай шартта биз медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоого жана коргоого алууга тийишпиз», — деди Дастан Бекешев.

Депутаттын айтуусунда, токтом долбоору Жогорку Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетине жиберилди, аталган комитет бул маселени 14-апрелде карайт деп күтүлүүдө. Эгер комитет жактырса, токтом долбоору 15-апрелде парламенттин жалпы отурумунда каралат.

Токтом долбоору боюнча өкмөт:

-COVID-19 илдетин жуктуруп алган бардык медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүүгө;

-медициналык кызматкерлер илдет жуктурган ооруканалардын жетекчилеринин ишине кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;

-бардык мамлекеттик органдарды маалыматтарды тез, туура жана так жеткирүүгө милдеттендирүүгө;

-1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун дарыгерди «вирусту башка жактан жуктуруп келип, кесиптештерине да жуктурган» деп айыптаганын кызматтык иликтөөгө алуу жана анын жыйынтыгын жарыялоого;

-медициналык дарыгерлерди коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылууга жана бул жөнүндө коомчулукка так, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баштаган күч кызматтары медицина кызматкерлерине басым жасап, куугунтуктоону токтотууга тийиш

Башкы прокуратура:

-Чындыкты айткан медицина кызматкерлерин куугунтуктап, кечирим сураткан УКМК кызматкерлеринин ишине укуктук баа берүүгө;

-Укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө жана медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын тебелөөгө, жарандардын укугун бузууга жол бербөөгө милдеттүү болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.