COVID-19: Исмаил Матраимов фонду атайын эсепке 10 млн сом которду

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 14:21
0 ой-пикир

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду атайын ачылган депозиттин эсебине 10 000 000 сом акчалай каражатын которду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Биздин медицина кызматкерлери өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ылаңга кабылгандарды дарылап жатышат. 79 дарыгер таажы ылаңын жуктуруп алды. Бул деген мамлекет көз карандысыздыкты алган убакыттан бери, биз саламаттык сактоо тармагын талкалап алганыбыздан кабар берет. Ошого карабай биздин врачтар вирустун кесепетин жоюга каармандык менен күрөшүп жатышат. Которулуп жаткан каражаттарды Өкмөт эффективдүү пайдаланып, медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна даректүү жумшайт деп ишенем» деп жазган эл өкүлү.

Буга чейин аталган фонд тарабынан коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 миң даана экспресс-тест алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү сертификаттары менен өткөрүлүп берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.