Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 796. Каза тапкандар — 4

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 13:28
0 ой-пикир

12-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 796 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде коронавирус жуктуруп алган 59 жаштагы ферганалык бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан толук айыгып чыккандардын саны 42ге жетсе, илдеттен көз жумгандардын саны төрттү түзөт. Өлкөдө коронавирус алгач 15-мартта аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.