ВИДЕО: Кыргыздарды «сасык» деген кыз элден кечирим сурады

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 18:32
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында кыргыздар жөнүндө жаман сөз айткан кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-апрель күнү социалдык тармактарда белгисиз келин «Кыргызстан жана анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө Кыргызстандан кетем» деген маанидеги сөздөрдү айтканы тартылган видео тараган. Көп өтпөй ошол эле келин өзүнүн баракчасына жазылган пикирлерге «мени менен ишиңер болбосун жана силер да өз ишиңерди кылгыла» деген сыяктуу кайрылуу жасаган. Бул видео терс пикирлерди жараткан.

Бүгүн, 12-апрель күнү аталган келин Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну К.М. экени такталып, Жалал-Абад ШИИБге алынып келди. Бул факт Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал туура эмес кылганын түшүнүп, кечирим сурап, мыйзам алдында жооп берерин билдирди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.