Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 3 жолу анализ тапшырган

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 12:04
0 ой-пикир

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 3 жолу анализ тапшырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, тесттердин натыйжасына терс болуп чыккан.

«Сабиржан Абдикаримов министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен. Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты», — дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.