Коронавирус менен күрөшүүгө 183 млн сом жумшалды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 09:51
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттен кошумча бөлүнгөн 340 млн. сомдун 183 млн. сому коронавируска каршы күрөшүүгө сарпталганын айтты.

Маалымат боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 173. млн сом, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 3 млн. сомдон ашык акча, Тышкы иштер министрлигине 769 миң сом, Транспорт жана жолдор министрлигине 94,5 миң сом берилди.

Калган 116,6 млн. сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 млн. сом да колдонулуп жатат.

Абылгазиев демөөрчүлөр которгон каражат тууралуу да маалымат берди.

«Калк арасында жардам берүүнү каалагандар көп. Бул жерде каражат тууралуу сөз болууда. 2020-жылдын 8-апрелине карата буга чейин ачылган эки эсепке 123 млн. сомго жакын акча түштү. Анын баары медицинага багытталат. Биринчи траншы — 38,5 млн. сом — дарыгерлердин жана медайымдардын айлыгына кошумча төлөм катары жумшалды».

Элдин аярлуу катмарына көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялаш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу бир эсеп бар. Ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигининде да атайын депозиттик эсеп ачылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.