Инфодемия пандемиядан да жаман. Коркуу эпидемиясы коронавирустан дагы коркунучтуу болууда

Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Апр 2020 12:08
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ, Elgezit.kg сайтынын башкы редактору

Инфодемия деген эмне?

Коронавирус эпидемиясы менен катар эле дүйнөдө жана Кыргызстанда башка вирус дагы тарады – маалыматтык вирус. Ушактар, жалган маалыматтар жана бурмаланган жаңылыктар өлкөнү каптап кетти. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай көрүнүштөр үчүн жаңы термин киргизип, аны “инфодемия” деп атады. Окумуштуулар болсо жаңы вирустар жана алардын зыяны тууралуу так эмес маалыматтар оорунун өзүнө караганда алда канча коркунучтуу экенин расмий түрдө билдиришти. Албетте, сандар аркылуу тараган жалган маалыматтар эч кимге оору жугузбайт деңизчи, бирок ал ишенимсиздикке алып келип, дүрбөлөңгө түшүрүп, адамдарды жеңил ойлуулукка жетелейт. Пандемия жүрүп жаткан маалда бул өмүр менен өлүм маселеси болушу толук мүмкүн.

“Кризис маалында ушактар жана жалган маалыматтар дайыма тез тарайт. Адамдар ишенимсиз сезимге кабылганда, корккондо алар абалга баа бериш үчүн маалыматтарды болушунча көп издеп башташат. Мурда бир нерсени билүү оор болсо, учурда керек болгондон дагы көп маалымат алууга мүмкүн. Көйгөй маалыматтын көптүгүндө. Адамдар кайсы маалымат булагына ишенерин билбей калышат” — дейт Вашингтон университетинде кризистик информатика жана кризистик коммуникацияны изилдеп жаткан профессор Кейт Старберд.

Кыргызстандагы инфодемия

Кыргызстан инфодемиянын бир нече толкунунан өттү. Алгач фейк маалыматтарда коронавирус ар кайы облустан чыгып жатканы тарап, натыйжада азык-түлүк саткан базарларда, дарыканаларда, супермаркеттерде дүрбөлөң болду. Азыр болсо Кыргызстандын экономикасы тууралуу пессимисттик сыя менен боелгон божомолдор чыгууда.

Укук коргоо органдары маалыматтык вирусту таратып жаткандар менен активдүү күрөшүп жатышат. КРнын УКМКсы фейк маалыматтарды тараткан ондогон адамдарды кармады. Алар эл алдында кечирим сурашты жана алардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргызстан инфодемиянын кандай белгилерине туш болууда

  • Коронавирус оорусунун деңгээли тууралуу жалган маалыматтардын тарашы;
  • Вирустун келип чыгышы тууралуу ойдон чыгарылган теориялар;
  • Коронавирус коркунучтуу эместиги жана дүйнөлүк алдамчылык экени ага кыргыз бийлигинин дагы аралашып жатканы тууралуу теориялар (мындай маалыматтарды айрым саясатчылар дагы айтышууда);
  • Так маалыматка эмоционалдык боек кошулуп таркатылып жатканы;
  • Дарылануу ыкмасы тууралуу фейк маалыматтар (дарылар, сарымсак, имбирь ж.б.);
  • Алдын алуу тууралуу так эмес маалыматтар.

Акыркы эки пункт коомчулук үчүн өзгөчө коркунучтуу, себеби ооруну алдын алууда жана оорулуу адамдарды дарылоодо кайсы ыкманы колдонуу керектиги тууралуу тандоодо кишини адаштырары бышык.  

Мамлекеттен инфодемия

Кыргызстандагы журналисттерди аккредитациядан өткөрбөй коюшкандыктан учурда маалымат алуунун жалгыз булагы Республикалык штаб, комендатура ж.б. мамлекеттик органдар болууда.

Өлкөдө коронавирус тууралуу маалыматтарды чагылдыруу жумшак айтканда начар болууда.

Маалыматтын толук берилбегени, айрым абалдар тууралуу үн катпоо, айрым жетишкендиктерди көбүртүп-жабыртуу маалымат тараткан расмий булактарга ишенбөөчүлүк жаратты.

  • Облустарда ооруну жуктурган жана айыккандар тууралуу маалыматтарды берүүдө сандар ар түрдүү болууда, мекеме жетекчилери берген маалыматтар бири-бирине дал келбей калууда;
  • Бишкек шаарынын комендатурасы ММКлар жана карапайым калк тарабынан сынга кабылды, себеби комендант Орозалиев коменданттык саат учурунда кармалгандардын санынан башка эч кандай маалымат бербей келет. Ошол эле маалда Ош жана Жалал-Абад шаарларынын коменданттары күн сайын бир сааттан аймактардын жашоочуларынын ар бир суроолоруна жооп берип келишет;
  • Республикалык штаб акыркы күнгө чейин дүкөндөрдө азык-түлүккө болгон баа жогорулаган жок деп келген. Акыры баа “бир аз” өскөнүн моюнга алды. Ошол эле маалда социалдык тармактардын колдонуучулары чыныгы бааларды жарыялашып, ундун, имбирдин, гречканын, сарымсактын баасы эселеп жогорулаганын жазып жатышты;
  • Мамлекеттик органдар тарабынан динди катуу кармангандар карантинге жатпай, дарылануудан баш тартып жатканын айтканы коомчулукта нааразычылыктарды жаратып, социалдык тармактарда динге каршы каршылыктарды күчөттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигине эч ким ишенбейби?

Саламаттыкты сактоо министрлиги сынга көмүлдү. Башында брифингдерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматбаева сүйлөп, суроолорго “мен тактап көрөйүн”,  “кийинкиде так маалымат берем” деп кутулуп жаткан. Кийин ал чыкпай калды.

Ал эми жаңы дайындалган Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишин 33-апрель деп адашуу менен баштады. Бирок бул башы гана экен.

8-апрелдеги брифинг учурунда ал бир нече жолу жаңылып, өлкөнү дүрбөлөңгө салган маалыматтарды айтты.

1. Ал Жалал-Абадда облустук инфекциялык оорукананы жабышканын, себеби ал жактагы кызматкерлердин баары коронавирус жуктуруп алганын жарыялады. Социалдык тармактар нааразычылыктан “жарылып” кетейин деди. Алар бүтүндөй бир оорукананын кызматкерлери кандайча вирусту жугузуп алышы мүмкүн деп ызылдап жатышты.

Бактыга жараша, Жалал-Абад облустук штабынын жетекчисинин орун басары Урмат Боржуев министрдин сөзүн дароо четке какты. Анын айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жабылбаган. Мекемеде болгону дезинфекция жүргүзүлөрү, азыр оорукана бейтаптарды кабыл алып жаткандыгы белгиледи.

Боржуев Жалал-Абад облустук ооруканасында санитаркадан коронавиурс чыкканын, башка кызматкерлер ооруга чалдыкпаганын кошумчалады. Дарыгерлер ишин аяктагандан кийин 14 күндүк обсервацияга жаткырылган.

Бирок элдер эки аткаминердин кимисине ишенерин дагы деле билбей турган чагы.

2. Бирфинг учурунда министр Абдикаримов коронавирус жуктуруп алышы ыктымал же жуктургандар делген адамдардын атын үч жолу атап алды. Министр 24 адам көз жумганын айтып дагы жаңылды. Кийин аны алып баруучу Чынгыз Эсенгулов оңдоп, 24 эмес, 4 экенин айтты. Андан соң орусча сүйлөп жатып министр ооруну жугузуп алгандарынын саны 170 деп алды, алардын жалпы саны 270 болчу. Кийин обсервацияда жаткандардын саны 10097 деп салды, ал 1097 деп айткысы келсе керек.

3. Коронавирустан айыккандар тууралуу дагы түшүнбөстүк жаралды. Алгач алардын саны 10 болчу. 6-апрелде Абдикаримов дагы 23 адам ооруканадан чыгарылып жатканын айтты. Жалпы сан 33 болуш керек эле. Бирок 8-апрелде министр сакайгандардын саны 25 экенин айтты. Ал эми бул жаңылыштыкпы же кандай арифметика болгонун министр түшүндүргөн жок.

Эмнеге бул маанилүү?

Расмий мекемелерге ишеним болбой калган маалда эл өзүн кандай алып жүрүшү керектигин билбей, дүрбөлөңгө түшүп, терс натыйжаларга алып келиши толук мүмкүн.

Мамлекет тарабынан маалыматтын так эмес экени айтылганы кандайдыр бир аракеттерге чакырык болуп калат. Азык-түлүк жетиштүү, тартыштык болбойт деп, ун алууга ашыгуунун кажет жок экенин айтышкан. Эл болсо базарларга чуркап, супермаркеттердин текчелери бошой түштү…

Британиялык окумуштуулардын пикиринде, адамдар жалган маалыматка бат ишенип, аны көп таратышат, мындай учур бийлик органдарына ишеним жок болгондо да күч алат. Эгер өлкө бийлигинин аброю жок болсо, анда коомчулук эпидемияга тескери реакция кылышат, эгерде бийликке ишеним болсо анда анын маалыматына ишенип, сунуштарын аткарышат.

Маморгандардын бири-бири менен мыкты иштеше албаганы, айрым жетекчилердин маалыматты так, даана жеткире албаганы калк ичинде дүрбөлөң жаратары бышык. Ал эми эмоцияга чулганган жалган маалыматтар адамдын психикасына таасир берип, адамдын иммунитетине жана өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет. Интернеттеги виртуалдык топтор коркунучтуу, себеби алар кийин көчөгө чыгышы да мүмкүн экенин унутпоо кажет.

Ошондуктан Республикалык штаб таратып жаткан маалыматына эл ишениши үчүн тез арада аракеттерди көрүүсү керек.

 Эмне кылуу керек?

  1. Өлкө мындай оор абалга туш болгон маалда Өкмөттөгү жетекчилер элге так, туура жана макулдашылган маалыматтарды берүүлөрү керек. Республикалык штаб докладды жакшылап карап жазып, ар бир санды текшерип, аны башка мекемелер менен макулдашып, докладды түшүнүктүү жазуусу кажет. Ал үчүн штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аппаратын, маалымат кызматын татыктуу, тажрыйбалуу кадрлар менен толуктоо зарыл.
  2. Докладдарды мекемелердин жетекчилери окуусу милдеттүү түрдөгү талап эмес, алар башка иштери менен деле “жылдыз” боло беришсе болот. Докладды дикциясы мыкты, оюн так жана даана жеткире алган, мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтарды окуй билген адам болушу керек. Ал брифингдерге даярдануу, суроолорго мониторинг жүргүзүү, аларга жооп издөө менен алек болушу шарт жана башка иштерге алагды болбоосу кажет.
  3. Республикалык штаб жана Бишкек комендатурасы ишин таза алып баруусу керек. Журналисттердин жана жашоочулардын суроолоруна дайыма жооп берип, алдыңкы маалымат агенттиктеринин журналисттерине аккредитация берип, алар штабдын ишин чагылдыруусу керек.
  4. Социалдык тармактар, интернет-каналдар, мессенжерлер фейк маалыматтарга толуп кетти. Бейөкмөт уюмдардын, эл аралык мекемелердин , ММКлардын жана блогерлердин жардамы менен көз карандысыз фактчектердин ишин уюштуруп, алар ММКларды, социалдык тармактарды, маморгандардын билдирүүлөрүнө мониторинг жүргүзүп туруулары абзел. Фактчектер тажрыйбалуу медиа өкүлдөрүнөн, медиктерден, экономисттерден ж.б. эксперттерден түзүлүүсү керек, алар эл ичинде абройлуу болуусу зарыл. Фактчекттин иши аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип жаткан ыктыярчылардын ишиндей эле маанилүү экенин түшүнүү абзел.

Коронавируска мыкты жооп антивирустук гигиена болсо, инфодемияга мыкты жооп маалыматтык гигиена болот. Ошондо гана эч кандай пандемия бизге коркунуч жаратпайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.