«Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы»,- комендант Жоробеков элге кайрылды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 17:57
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков бүгүн, 12-апрелге карата абал боюнча маалымат берди.

2020-жылдын 11-апрелден 12-апрелге караган бир сутка ичинде Жалал-Абад обласунун аймагында баары болуп — 19 кылмыш окуялар катталган, алардын ичинен Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында – 5 кылмыш катталган. Жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 8, Сузак районунун аймагынан – 16 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан — 82 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.

Маалымат берүү менен бирге Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты элге кайрылды.

«Урматтуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында тамак-аш, күнүмдүк азык-түлүктөрү түгөнүп, социалдык жактан кайрылуулар көбөйүп жатат. Бул жаралган маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө багыт алып иштеп жатабыз. Анын жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп байкап жатасыздар. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда буйруса тартип көзөмөлдө, учур талабы – социалдык маселелерди өз убагында чечүү.

Ал эми сиздерден тартипти сактоого, сабырдуулук менен абалды туура түшүнүп жана жеке гигиена сактоого чакырамын.
Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы — учурдагы абалда колунда бар берешен инсандарды муктаж болгондорго кол сунуп, бири бирибизге жардам берүүгө чакырам».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.