Асрандиев: Экспорт төмөндөп, айрым товарлардын баасы көтөрүлдү

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 16:55
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды.

2020-жылдын январь-март айларында экономикалыш өсүш 1,5%ды түзүп, былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрүнөн 3,9%дык пунктка төмөн болду. Анын билдиришинче, экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.

Эркин Асрандиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында аймактардагы элге ун жана биринчи кезекте зарыл болгон товарларды жеткирүү улантылып жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча ар кандай варианттарды иштеп чыгуу, бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Ошондой эле вице-премьер-министр өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчы түзүлгөн кырдаалда Өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алышы зарылдыгын кошумчалады.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.