Япония Кыргызстанга төрт тез жардам машинасын тапшырды

Окуялар тизмеги 11 Апр 2020 08:31
0 ой-пикир

Япония гранттык негизде Кыргызстандын «Тоодо куткаруу» коомдук фондуна төрт тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам «Тез жардам унаалары» программалык долбоорунун алкагында берилген.

2019-жылдын 1-мартында кол коюлган гранттык келишимге ылайык, аталган долбоордун алкагында жалпы суммасы 96 171 долларга бааланган жабдыктары менен төрт тез жардам унаасы өткөрүлүп берилди.

Тез жардам унаалары коомдук фонд тарабынан Бишкек, Каракол жана Ош шаарларынын, Кемин жана Ак-Суй районунун аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна берүү пландаштырылган.

Мындан тышкары, Япониядан келген инструкторлор тарабынан айдоочуларга унаанын өзгөчөлүктөрү жана кантип колдонуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Унааларды колдонууга расмий тапшыруу эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин өткөрүлмөкчү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.