13-18-апрель күндөрү телеканалдардан өтүүчү видеосабактардын жадыбалы

Окуялар тизмеги 11 Апр 2020 18:00
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып дистанттык түрдө башталды.

Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилип жатат.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлдү. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылды.

Кайтарым байланыш үчүн Zoom, WhatsApp, Google classroom сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат.

13-18-апрель күндөрү телеканалдардан кетчү видеосабактардын жадыбалы менен шилтеме менен өтүп таанышып алсыңыздар болот:

Расписание уроков для школьников с 13 по 18 апреля

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.