Камалгандардын арасында коронавируска чалдыккандар жок. ЖАМК түрмө жетекчилери менен онлайн байланышта

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 13:52
0 ой-пикир

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Мелис Тургунбаев өлкөдөгү түрмө башчылары менен онлайн жыйындарды өткөрө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мааламытта “Эпидемиологиялык абалга байланыштуу ЖАМК эки күндө бир онлайн жыйын өткүрүп, түрмө жетекчилери иш бөлмөсүндө отуруп маалымат берүүдө” деп айтылат.

Бүгүнкү күндө бардык абактарда ЖАМКтын борбордук аппараты менен байланышкан видеокамералар бар. Алар аркылуу соттук процесстерди да өткөрсө болот. Соттолгондорду бөлүштүрүүнү да ушундай эле ыкма менен жургүзүү мүмкүн.

Кыргызстандын абак мекемелеринде абал туруктуу, камалгандар арасында «коронавирус жуктурду» деп шектелгендер жок экендиги айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

Эл аралык уюмдар коргонуучу кийимдерин, антисептик жана башка медицина каражаттарын гуманитардык жардам иретинде өткөрүп берген.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.