COVID-19: Таласта түндө тартылган видеонун чоо-жайы такталып жатат

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 22:56
0 ой-пикир

Таласта коронавируска карата текшерүүгө алынган айдоочудан оорунун белгилери табылды деп тартылган видео боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына облус губернаторунун орун басары Кыял Жанузакова билдирген.

Анын айтымында, 21-марттан тарта коронавирустан улам облустун аймагында санитардык-карантиндик пункттар түзүлгөн. Сырттан кирип жаткан бардык жарандардан тест алынып баштаган.

«Видеодо сөз болгон жаран чоң жүк ташуучу унаанын айдоочусу. Андан коронавируска шектүү деген анализ чыккан. Бардык документтер толтурулуп, колуна берилип, анализ чыкканча обсервацияга жатышы керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал жаран тил кат берип, өзүнүн ордуна кеткен. Биздин дарыгерлерден ал жаран боюнча тиешелүү аймакка толук маалымат жөнөтүлгөн. Мындай транзиттик багыт менен жүргөн айдоочулар жөнүндөгү маалыматтар бардык органдарга берилет. Видео боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү жүрүп жатат», — деди облустук бийликтин өкүлү.

Булак: Turmush

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.