Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 582ге жетти

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 18:57
0 ой-пикир

9-апрелдин саат 15:30га карата Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 582ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Вирусология илимий-изилдөө институтунун маалыматында, дарыланып жаткан 99 бейтаптын 25 адамда пневмония оорусу байкалган. Ошондой эле 7 бейтаптын абалы оор болсо, үчөөнүн абалы орточо оор деп бааланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандын 70 миңден ашык жараны коронавирусту аныктай турган тесттен өтүшкөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 3 жаран каза болгон жана илдеттен 30 адам айыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.