Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы «Кара-Көл шаарында милиция кызматкери окуучу кызды зордуктоого аракет кылды деген маалымат чындыкка туура келбесин» кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 3-апрелде Кара-Көл шаардык милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Ал 9-класстын окуучусун “түн ичинде көчөдө жүргөнү үчүн жүрүм-турумуңду видеого тартып, Интернетке чыгарам” деп коркутуп, акча талап кылган.
Милиция кызматкерине карата пара талап кылуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганы кабарланды. 6-апрель күнү Жалал-Абад облустук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган