Дистанттык окутуу боюнча ыкчам байланыш номери өзгөрдү

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 13:28
0 ой-пикир

Техникалык себептерге байланыштуу, дистанттык окутуу боюнча суроолор үчүн ачылган 5858 ыкчам байланыш номери 8569 болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Билим берүү ана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, учурда 8569 кыска номеринен тышкары байланыш үчүн 0550-512-075, 0550-801-026, 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355 номерлери иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам мектептеги окуу дистанттык түргө өткөрүлгөн. Учурда окуу телеканалдар жана электрондук ресурстар аркылуу жүргүзүлүп жатат.

«Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар КТРКнын «Баластан» (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим» (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «5-канал» «Пирамида» каналдарынан көрсөтүлүп жатат. Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен көрсөтүлүүчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана «МЕГА 24″ тиркемесине жайгаштырылган», — деп билдирет министрлик.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.