Атайын эсептерге келип түшкөн каражаттын суммасы 110 млн. сомго чамалады

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 08:31
0 ой-пикир

Өзгөчө абалга байланыштуу ачылган эсептерге келип түшкөн акчанын суммасы 110 млн. сомго чамалады.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу өлкөдө 2 эсеп ачылган.

Биринчиси элдин аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамды координациялаш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. 8-апрелге карата бул эсепке акчалай түрдө 6 млн. 484 миң сом түштү.

Экинчиси — коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин карамагындагы атайын депозиттик эсеп. Бул эсепке 8-апрелге карата жалпы 103 млн. сом келип түштү. Бул каражат толугу менен медициналык максатта жумшалат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.