Атайын эсепке канча акча түштү жана кайда сарпталып жатат? Министрликтин жообу

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 15:55
0 ой-пикир

Бүгүнкү күнгө карата Финансы министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 116 млн 808 миң 450 сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында финансы министринин орун басары, Мамлекеттик казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлигинин атайын деспозиттик эсебине 116 млн 808 миң 450 сом түштү.

«Анын ичинен комиссиянын чечими менен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча каражат төлөөгө бөлүнгөн. Ала эми 1 млн 900 миң кассалык чыгымдарга кеткен», — деп кошумчалады Амандыков.

Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган экинчи депозиттик эсепке бүгүнкү күнгө карата 7 млн 839 миң сом түштү.

«Комиссиянын чечими менен 4 млн 379 миң 196 сом Бишкек мэриясына жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн”,- деп сөзүн жыйынтыктады Амандыков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.