10-11-апрелде Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 16:50
0 ой-пикир

10-11-апрелде Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-7° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, тоо этектеринде -2…-4° үшүк, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.