Вирус чыккан Ухань шаары изоляциядан чыкты

Аалам, Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 09:55
0 ой-пикир

Кытайда 8-апрелдин түнүндө Ухань шаарына коюлган чектөөлөр алынды, деп жазат «Азаттык».

Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусунун алгачкы очогу саналган аймакка кирип-чыгуу калыбына келтирилди.

Хубэй провинциясындагы бул шаар январдын аягынан бери толук изоляцияда болчу. 7-апрелде ал жерде коронавирус бирөө-жарымга жуккан учур катталбады.

Карантин маалында бардык окуу жайлар жабылып, коомдук автоунаалар токтотулган. Шаардан тургундарына олуттуу себепсиз башка аймакка чыгууга уруксат берилген эмес.

Хубэй провинциясында абал жакшыра баштаганы марттын аягында белгилүү болгон.

Жаңы СOVID-19 вирусу Кытайда 2019-жылдын декабрынын соңунда тараган. Андан бери өлкөдө 82 500дөн көбүрөөк адамга илдет жугуп, 3300дөн ашууну жашоо менен кош айтышты, көбү сакайды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.